7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коррупция менен күрөшүү. Бийликти коркутуу болуп жатабы?

709

Системалуу түрдө түзүлгөн жемкордуктун айынан азыр коррупция менен күрөшөлү десек, баары бийликти манипуляция кылып, коркутуп жатат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин отурумунда билдирди. Ал бир эле мисал катары айрым ишкерлер ККМ аппараттарын колдонууга каршы чыгып коркутуп да, күчкө салып да жатышканын айтты.

«Өнүккөн мамлекеттерде ишкерлер биринчи кезекте санарипке өтүшкөн. Сингапурда 1965-жылы коррупциянын тамыры жайылып жаткан учурда дагы бийлиги катаал жана ырааттуу саясатын улантып кете берген. Биз дагы коррупцияны ооздуктоодо, көзөмөлдөөдө анын логикасына бекем таянабыз. Коррупциялык аракеттерди минималдаштырган санариптик системаны сөзсүз киргизебиз. АКШ, Европа, Кытай, Корея жана башка өлкөлөрдө пара берген да, алган да адам жоопко тартылат», — деди өкмөт башчы.

Ошондой эле Жапаров келечекте жаштар коррупция жөнүндө таптакыр ойлонбогондой болушу керектигин белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

710