7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коррупцияга каршы аракеттенүүгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

400

Бүгүн, 5-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы. Бул мыйзам долбоору тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетини төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берди.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунда төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталууда: жубайы же жакын туугандары белгиленген тартипте оор же өзгөчө оор кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылган, же болбосо ага (талапкерге) карата кылмыш-жаза иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган учурда аскердик кызматка, укук коргоо органдарына же сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнө кабыл алуудан баш тартуу; коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө милдеттүү түрдө жана өмүр бою тыюу салуу; коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн айып пулдарды жокко чыгаруу; коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдарга, күнөөсүн моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө келишим түзүүдө, эркинен ажыратуунун эң төмөнкү мөөнөтүнүн кеминде жарымын дайындоо.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев сунушталып жаткан мыйзам долбоорун ишке ашырылып жаткан капитал мунапысы менен шайкеш келтирүү маселесин тактады. Эл өкүлү Чыңгыз Ажибаев өзгөртүүлөрдүн актуалдуулугун белгилеп, ошону менен бирге тиешелүү органдарды кылмыштарды кайра квалификациялоонун мыйзамдуулугун тыкыр иликтеп, бул багытта көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.

Ал эми депутат Камила Талиева коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү адамдардын шайлоого катышуу тартиби тууралуу сөз кылып: «Аталган жарандар жергиликтүү кеңештерге гана эмес, Жогорку Кеңешке да шайлана албашы керек», — деди.

Андан тышкары, депутат Медербек Алиев коррупция менен натыйжалуу күрөшүү үчүн сот органдарын реформалоо зарылдыгын белгилесе, эл өкүлү Эльдар Абакиров коррупция менен күрөшүүдө журналисттердин маанилүү ролуна көңүл буруп, анын ичинен коррупциялык кылмыштарды журналисттик иликтөө аркылуу ачыктоо боюнча чөң мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.

Эл өкүлү Жанарбек Акаев жакын туугандары оор же өзгөчө оор кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылган учурда аскердик кызматка, укук коргоо органдарына же сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнө кабыл алуудан баш тартуу сунушун кайра карап чыгууну сунуштады.

Депутат Динара Ашимова мамлекет үчүн алдын ала зыяндуу эл аралык келишимдерди түзгөн кызматкерлерди жоопко тартуу маселесин көтөрдү. Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

 

401