Коррупцияга себепкер болгон айдоочулар да кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
«Жол эрежесин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтен жеңил кутулуу максатында, кызматкерлерге акча сунуштап, укук бузууну жеринен чечүүгө аракет кылып, коррупциялык элементтерге өздөрү себепчи болгон айдоочулар да КРнын Кылмыш-жаза кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартыларын эскертебиз. Урматтуу айдоочулар. Жоопкерчиликтен жеңил кутулуу максатында сиздер да коррупциялык элементтерге себепчи болбоңуздар» — деп айтылат маалыматта.