Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айыл аймагына караштуу мунапыска ылайык келбеген айыл чарба багытындагы жалпы аянты 44 гектарды түзгөн жерде мыйзамсыз курулуш орун алган. Бул тууралуу 7-каналга президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, К. аттуу жаран трансформация жасатып берем деп алдамчылык жол менен үлүш жер ээлеринен ишеним каттын негизинде алып, учурда аталган жер тилкесине мыйзамсыз түрдө 4 үйдүн пайдубалы куюлуп, 98 электр мамычасы орнотулуп, анын 30у электр линиясына туташтырылган. Болжол менен 300 машина шагыл төгүлүп, 2 чакырымга жакын жолго төшөлгөн. Мыйзамсыз курулуш орун алган жер тилкесинде жайгашкан 3 гектар алма бактын да сугат тутумуна атайылап бөгөт коюлуп, сугарууга мүмкүн болбой калгандыктан, жерди ижарага алып иштетип жаткан дыйкандар зыян тартышкан. Аталган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
«19-мартта президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Аламүдүн районунун акими, айыл өкмөт башчысы, Чүй ОИИББнин, архитектура башкармалыгынын, «Кадастр» МИ Аламүдүн райондук филиалынын жана РЭСтин башчылары менен жеринде көчмө жыйын өткөрүп, аталган мыйзамсыз курулуштарды жоюу тапшырмасын берди. Жыйынтыгында облус башчысынын тапшырмасы менен керектүү техникалар тартылып, орнотулган мамычалар жана жолго төшөлгөн шагылдар алдырылууда. Бул мыйзамсыз иш-аракетке тиешеси бар бардык жактарга тез арада укуктук баа берүүнү тапшырды»- деп берилет билдирүүдө.