Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Бирлешкен айылында футбол аянтчасы пайдаланууга берилди.
Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, футбол аянтчасынын курулушу жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлгөн.
Аянтчага 2022-жылы Баткендеги кагылышууда баатырларча курман болгон УКМКнын чек ара заставасызынын 2023 аскер бөлүгүнүн улук мээлөөчүсү, кенже сержант Мирлан Ниязовдун ысымы берилди.
35 жаштагы Мирлан Ниязовго «Достук» чек ара бекетинде ок тийип, мойнунун эки жерин тешип кеткен. Ал 1987-жылы Ош облусундагы Кара-Суу районунун Бирлешкен айылында туулган. Артында бир уул, бир кызы калды.