Таласта 14 жаштагы кыз зордукталып, шектүү кармалды. Бул тууралуу 7-каналга Талас ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга 16-март күнү Талас районуна караштуу Арал айылынын 1958-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда, 27-январь күнү саат 14:00 чамасында аталган айылдын тургуну 2009-жылы туулган небересин ак түстөгү унаасында күч колдонуп зордуктаганын билдирген.
Аталган факты боюнча зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү Арал айылынын 2001-жылы туулган Т уулу Б. аттуу тургуну экени аныкталып, кармалды.