Жол кыймылын жөнгө салып жаткан жаш бөбөктөргө милициянын кайгуул кызматы белектерди тапшырды.
Бөбөктөрдүн улуусу Алымбек учурда 7 жашта, анын иниси Адилет 5 жашта жана кошунасы Байхан 6 жашта. Бул балдар Бишкек шаарынын 1-май районунда жашашат. Алымбек Бишкек шаарынын 18-мектебинин окуучусу. Келечекте жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында кызматкерлеринин катарын толуктоону максат кылат.
Милициянын кайгуул кызматкерлери, жолдо унаа каражаттарын тосуп ойноо балдардын өмүрүнө коркунуч жаратаарын ата-энелерине түшүндүрүштү.
Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары балакай жол тескөөчүлөрдүн видеосу менен бөлүшкөн.