7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коррупцияга шектелген Юрий Низовский үй камагына чыкты

665

Бишкектеги белгилүү физика-математикалык №61 мектеп-лицейинин директору Юрий Низовский үй камагына чыкты. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Анын үй камагына чыгуусуна ден соолугунун начарлыгы себеп болгону айтылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Юрий Низовскийге алгач “Коррупция” беренеси менен иш козгогон. Ал азыр “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине өзгөртүлдү.

9-августта УКМК Низовский коррупцияга шек саналып кармалганын билдирген. Мекеме ал окуучулардын ата-энелеринен туруктуу акча алып турган коррупциялык схема түзгөнү аныкталганын жарыялаган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө анын өзүнүн жана туугандарынын атына катталган 150 млн сомдук 35 мүлкү аныкталганы кабаралган.

Юрий Низовский 1991-жылдан бери директор болуп иштеп келаткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

666