«Креативдүү кесиптер академиясы» менен 3 ай акысыз билим алып, SMM адиси бол! Аталган курска кызыккан жаштарды, анын ичинде 16-35 жаштагы майыптыгы бар адамдарды «Креативдүү кесиптердин академиясы» инклюзивдик онлайн билим берүү долбооруна катышыңыз. Талас, Нарын, Баткен, Ысык-Көл, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынан катышуучуларды күтөбүз. Курстун жүрүшүндө студенттер SMM тармагында бардык заманбап талаптарга жооп берген толук билимге ээ болот. Окуу аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөр дароо ишке киришип, акча таба алышат. Курска тандоо 30-июлдан 13-августка чейин ачык.
“Креативдүу кесиптердин академиясы” – бул онлайн долбоор, анда сабактар Zoom жана Codify платформалары аркылуу өткөрүлөт, бул Кыргызстандын каалаган аймагынан билим алууга мүмкүндүк берет. Машыгуу үчүн сизге жеке компьютериңиз же ноутбук жана смартфондун негизиндеги телефонуңуз болуусу шарт. Курс учурунда майыптыгы бар адамдарга окууга колдонуу үчүн ноутбук берилет. Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде өтөт, сурдокотормочунун кызматтары да каралган.
Академия бүтүрүүчүлөргө портфолиосун түзүүгө, коштомо кат жазууга, интервьюга даярданууга жана жумуш табууга жардам берет. Бүтүрүүчүлөрдүн көбү Кыргызстанда жана анын чегинен тышкары жерлерде иштешет. Ар бир курстун окутуучулар тобуна эң мыкты окутуучу адистер жана эксперттер кирет.
Долбоордун негизги максаты – графикалык дизайн, социалдык медиа маркетинги жана башка жумшак көндүмдөрдү окутуу аркылуу Кыргыз Республикасынын бардык жети аймагындагы жаштардын жана майыптыгы бар адамдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу болуп саналат.
«Креативдүү кесиптер Академиясы» долбоору «Жандан Креатив» коомдук фонду тарабынан Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин гранты аркылуу башкарылат.
Эмне үчүн мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, тандоого катышуу үчүн анкетаны толтуруу керек?
Долбоор азыр төртүнчү окуу жылында окутулуп жатат. 2020-жылдан бери 9,620 өтүнмө кабыл алынган, алардын ичинен 1,500дөн ашуун катышуучу төмөнкү багыттар боюнча окуну аяктаган: Графикалык дизайн, Санарип маркетинг, Видеопродакшн, Веб-иштеп чыгуу жана Контент менеджмент. Окуу жылынын аягындагы жыйынтыктоочу иш-чарада мыкты бүтүрүүчүлөр дипломдук иштерин тапшырышып, сынактык негизде байгелерге ээ болушту. Аракети мыкты жана максаты бийик катышуучулар ар кандай компанияларда ийгиликтүү иштеп, өз бизнесин ачып, иштеп жаткан бизнесин өнүктүрүп, фрилансер болуп иштеп жатышат.
Тандоого катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу 2024-жылдын 30-июлунан 13-августуна чейин www.creative-academy.kg сайтында жүргүзүлөт.
Окутуу үчүн арыз тапшырыңыз, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз! Орундардын саны катуу чектелген.
Долбоордун менеджери +996 707 181 081
Сайт: www.creative-academy.kg
https://www.facebook.com/creative.academy.kg https://www.instagram.com/creative.academy.kg https://wa.me/996707181081 https://t.me/academy_creative_kg