3-август күнү, Жалал-Абад шаарынын аймагында массалык ишембилик өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
Ишембиликке мекеме-ишканалардын кызматкерлери, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, шаар тургундары катышты.
Ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу бактары, жол жээктери, тротуарлар, арыктар жана мекеме-ишканалардын айланасы, аллеялар, аянттар тазаланды.