«Большой» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Азамат Касымбековдун жубайынын бир тууган сиңдиси Нургүл Зарлыкова эки кызды сабоого айыпталууда. Ал «Бирге» партиясы менен Токмок шаардык кеңешине шайлоого бара жаткан. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактарында жарыяланды.
Алардын айтымында, 13-мартта Токмок ОИББне 1985-жылы туулган Айдана аттуу кыз 12-март күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Шамсинская көчөсүндө жайгашкан «Березка» кафесинин жанынан Нургүл аттуу кыз кол салып, сабап салган. Бир нече сааттан кийин ал дагы сабаган.
Ошондой эле дагы бир жабырлануучу 1993-жылы туулган С. кызы Ш., жашыруун кат менен кайрылган. Ал дагы Нургүл аттуу кыздын ур-токмогуна кабылган. Ага Шамсинсая көчөсүнөн кол салуу болуп, уюлдук телефонун сындырып, сумкасын айрып салган.
Жабырлануучулардын экөө тең ооруканага жаткырылып, аларга экспертизалар дайындалган.
Өз учурунда 1990-жылы туулган Нургүл Зарлыкова дагы эки кыз тарабынан сабалып, көйнөгү айрылганын жазып доо арызы менен кайрылган. Бул эки факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Нургүл Зарлыкова Токмак шаардык кеңешиндеги «Бирге» партиясынан депутаттыкка талапкерлигин койгон. Ал «Большой» лакап аты менен таанымал кримавторитет Азамат Касымбековго турмушка чыккан Жазгүл Зарлыкованын кичүү сиңдиси.
Кошумчалай кетсек, Касымбеков 2011-жылы ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн 7 жылга эркинен ажыратылган. Бирок үч айдан кийин белгисиз себептерден улам ал абактан бошотулган.