7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КРнын музейлери жана Музей фонду жөнүндө Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

396

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргызстан элинин маданиятын өнүктүрүү, адамдын укугу менен эркиндигин кемсинтпеген үрп-адаттарды жана салттарды сактоо максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам “Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгү “санжыра музейлери” түшүнүгүнүн аныктамасын караштырган 11-пункт менен толуктоо киргизүүнү караштырат.

Алсак, кабыл алынган Мыйзамга ылайык санжыра музейлери – адамдардын туугандык өз ара байланыштары, уруулардын тарыхы, айрым адамдардын теги жөнүндө материалдарды чогултууну, сактоону, изилдөөнү жана жайылтууну, ошондой эле туугандык байланыштарды аныктоону, муундар боюнча жазмаларды жана санжыраларды түзүүнү жүзөгө ашыруучу тарыхый тармактагы музейлер болуп саналат.

 

 

 

397