7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Крокус Ситиде» каза болгондордун саны 137ге жетти

551

«Крокус сити холлдо» болгон терактынын кесепетинен каза болгондордун саны 137 адамга жетти. Бул тууралуу Россиянын тергөө комитети билдирди.

Буга чейин 133 адам каза болуп, 152си жаракат алганы айтылган. Учурда теракт болгон жерден 137 адамдын сөөгү табылды, алардын үчөө жаш балдар. Алардын 62си ким экени боюнча маалымат такталып, аныкталды. Калгандарынын өздүгүн аныктоо үчүн генетикалык экспертизалар жүргүзүлүүдө. Кылмыш болгон жерде иликтөө иштери уланууда

Саламаттыкты сактоо министрлиги жабыркагандар боюнча маалымат берген. Ага ылайык, 180 адамдын 142си ооруканага жаткырылса, 32си үйүнө жөнөтүлдү.

22-март күнү кечинде Москванын жанындагы «Крокус сити холл» концерттик залында теракт болгон. Кол салгандар ок чыгарышып, андан кийин өрт башталган. Атайын кызматтын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттеринин натыйжасында 11 адам, анын ичинде теракт жасаган төрт адам кармалды.

552