7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Куала-Лумпурдун көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу сунушталды

368

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев Куала-Лумпур шаарынын мэри Маймуна Мохд Шариф менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Малайзиянын борбор шаарларынын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү маселелери талкууланды.

Шаар инфраструктурасын өнүктүрүү, көрктөндүрүү, коомдук траспортту жакшыртуу, экологиялык абалды оңдоо жана узак мөөнөттүү шаарды пландаштыруу тармактарында кызматташуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу орун алды.

Малайзия тарап Кыргызстандын муниципалитеттеринин кызматкерлерине үчүн тренингдерди жана квалификацияны жогорулатуу боюнча курстарын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле элчи Анвар Анарбаев 2028-жылы белгилене турган Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине байланыштуу Куала-Лумпур шаарынын көчөлөрүнүн бирине улуу жазуучунун ысмын ыйгаруу сунушун киргизди.

369