7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кубанычбек Жумалиев СИЗО-1ге камакка алынды

236

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, депутат коррупцияга шектелип жатат.

Депутат Кубанычбек Жумалиевге таандык Эл аралык медициналык университетке лицензия берүүдө туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

Жумалиев билим берүү жаатындагы мыйзам долбоорлорун лоббирлөө үчүн кысым көрсөтүү жана алардын саясий таасирин пайдалануу менен лицензияны мыйзамсыз алган.

Ошол эле учурда, лицензиялык комиссия белгиленген мыйзамдык талаптарга жооп бербегендиктен, алгач Эл аралык медициналык университетке лицензия берүүдөн баш тарткан. Бирок министрликтин жетекчилигине Жумалиевдин таасири алдында комиссиянын аталган корутундусу оң жагына өзгөртүлгөн.

Мындан тышкары Жумалиевге байланыштуу адамдар тарабынан кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана салык төлөөдөн баш тартуу, мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды.

Учурда 78ге жакын кыймылсыз мүлк объектиси жана ар кандай компаниялар, алардын катарында Жумалиевге мурда менчиктештирүү жолу менен өткөн, анын туугандарына жана жакын адамдарына таандык «Таатан», «ГОИН» соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кен чыккан жерлер, темир жана болот завод, телерадиокомпания аныкталды.

4-февралда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жумалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) менен кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө аяктаганга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

237