7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кубат Чекиров: «Ленинчил жашты» Мелис Эшимканов комсомолдук тилден эгемендик тилге которуп салган

421

Белгилүү журналист жана медиа-эксперт Кубат Чекиров: Жүз жылдын ичинде кыргыз басма сөзү 70 жылдык коммунисттик доорду, андан соң, мына, 30-35 жылдан бери эгемендүү мезгилди башынан кечирип келатат. Биз ошол, 100 жыл мурдагы мезгилдеги тарыхый иштердин башында турган адамдарды эстен чыгарбай, ошолорду даңазалаш керекпиз. Алар – Касым Тыныстанов, Ишенаалы Арабаев, Осмонкул Алиев, Аалы Токомбаев, Мукай Элебаев, Жусуп Турусбеков, Жоомарт Бөкөнбаевдер бир эле учурда акын-жазуулар дагы, андан тышкары, агартуучулар да болгон.

СССР кыйраган учурда жаңы гезиттер пайда боло баштады – «Аалам», «Майдан», «Кыргыз руху», Res Publica жана башкалар чыга баштап, эгемендиктин чабалекейлери болду. Ошол эле мезгилде коммунисттик жаштардын гезити «Ленинчил жашты» Мелис Эшимканов партиялык жана комсомолдук тилден эгемендик тилге которуп салбадыбы. Шайлообек Дүйшеев, Алым Токтомушев, Эсенбай Нурушевдер басма сөздөгү жаңы модель жаратышты. Аны менен катар, ээн ооздукка жана ээн баштыкка өтүп кеткен учурлар дагы болду…

422