Гиннес рекорддор уюмунун талабына ылайык, манасчы Дөөлөт Сыдыков Москва шаарында 5 күн, 5түн «Манас» айтат. Бул тууралуу уюштуруу тобу кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргыз Республикасынын эегемндлгнн 30 жылдыгына карата Кыргыз Диаспора Кеңешинин жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин колдоосу менен өтөт.
“Урматтуу Манастын урпактары! Улуу манасчы Дөөлөт Сыдыков Москва шаарынын Большая ордынка 64 дареги боюнча 31-августтан 6-сентябрга чейин күнү-түнү Манас айтат. Уяткулуу кыргыздын улуу тарыхына күбө болуп кетиңиздер”, — деп жазылат чакырууда.