Бүгүн, 30-августта саат 16:00дө Ошто Айтурган Темированын чыгармачылык кечеси өтөт. Бул тууралуу уюштуруу тобу кабарлады.
Маалым болгондой, чыгармачылык кече менен бирге Болотбек Шамшиевдин «Кыргыз керемети» сүрөт көргөзмөсү да өтөт.
Аталган иш-чара, 2021-жылы Кыргызстанда белгилене турган төрт маанилүү датага карата уюштурулууда:
- Кыргыз улуттук киносунун 80 жылдыгы;
- «Кыргыз киносу кереметинин» авторлорунун бири, дүйнөгө белгилүү кинорежиссер Болотбек Шамшиевдин 80 жылдыгы;
- Кыргызстандын белгилүү киножылдыздарынын бири Айтурган Темированын чыгармачыл ишмердигинин 50 жылдыгы;
- «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» фильминин 50 жылдыгы.
«Жалпы кино сүйүүчүлөрдү Ош шаары, Семетей кинотеатры дареги боюнча күтөбүз! Кирүү акысыз жана 0556 999 222, 0772 710 333 номурлары аркылуу байланышсаңыздар болот», — деп жазылат кулактандырууда.