7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кулубаев Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров менен сүйлөштү

712

Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, «Крокус сити холлдогу» терактын кесепетинен курман болгондорго көңүл айтты.

Кулубаев бул окуяны кескин айыптап, эл аралык терроризмге каршы күрөштө кыргыз тарап колдоорун билдирди жана бул багытта бирдиктүү күч-аракеттерди жумшоого чакырды.

ТИМ башчысы кыргыз тарап бул трагедиянын кесепеттерин азайтуу үчүн зарыл болгон ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенине ишендирип, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтуу сөздөрүн жеткирүү өтүнүчүн билдирди. Трагедияда жапа чеккендердин бардыгын тезирээк сакайып кетишине тилектеш экендигин кошумчалады.

Өз кезегинде Россиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы кыргыз тарапка трагедиядан кийин дароо эле эң жогорку деңгээлде колдоо көрсөткөндүгү жана ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар байланыштарды улантууга жана тиешелүү маалымат алмашууга макулдашты.

713