7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда 1-класска электрондук каттоо 8-апрелде башталат

173

2024-2025-окуу жылына карата балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо 8-апрелде башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Электрондук каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт.

  • I этап – жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 2024-жылдын 8-апрелинен 2-июнуна чейин,
  • II этап – анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 2024-жылдын 3-июнунан 30-августуна чейин.

Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) каттайт.

1-классына киргенде төмөнкү документтерди тапшырат:

– баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;

– баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери: мыйзам чегинде белгиленген тартипте баланы жалпы билим берүү уюмунун 1-классына аныктоо үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;

– ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);

– баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энесинин биринин паспорту, же болбосо мыйзамда белгиленген тартипте баланы 1-класска аныктоо үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн “Түндүк” мамлекеттик порталы аркылуу;

– алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);

– баланын 3х4 см. өлчөмүндөгү сүрөтү.

 

Чалуу борбору 2024-жылдын 8-апрелинен баштап, 30-августка чейин иш күндөрү саат саат 9:00дон 18:00го чейин иштейт. Түшкү тыныгуу: 12:00-13:00

Электрондук каттоого байланышкан суроолор боюнча чалуу борборуна 110 (callцентр) кайрылуу керек. Чалуу акысыз.

174