7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Текшерүү күчөдү. ТИМ кыргызстандыктарды Орусияга барбай турууга чакырды

607

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” борборундагы куралдуу кол салуудан кийинки антитеррордук иш-чараларга байланыштуу зарыл иши болбогон кыргызстандыктарды Орусияга барбай турууга чакырды. Бул тууралуу министрликтин Консулдук департаментинин башчысы Бакыт Кадыров билдирди.

Анын айтымында орусия чек арадан кирип-чыккан жарандарды текшерүүнү күчөткөн.

«Учурда Орусия антитеррордук иш-чараларды жүргүзүп жатат. Өлкөгө кирип-чыгууда чек арадан өткөндөрдү текшерүү күчөдү. Ошондуктан элчилик биз тараптан Орусияга кирүүнү алдын ала пландап, зарыл иштери болбосо барбай турууну сунуштайт, бул тууралуу бардык диаспоралык уюмдарга маалымат таратылып жатат. Антитеррордук иш-чаралар канча убакытка чейин жүрөрү боюнча бизде маалымат жок. Кээ бир жарандар «кара тизмеде» же буга чейин укук бузган болсо өлкөгө киргизилбей жатат», — деди ал.

608