7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кумтөр ишине байланыштуу камакка алынган депутат Асылбек Жээнбеков абактан кайрылуу жасады

5754

Кумтөр ишине байланыштуу камакка алынган депутат Асылбек Жээнбеков абактан кайрылуу жасады. Анын билдирүүсүнүн тексти «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.

«Үч жолку чакырылышта парламентке депутат, эки ирет Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландым. Инсан катары да, депутат катары да, парламенттин төрагасы катары да эч качан мыйзамсыз иштерди жасаган эмесмин. «Кумтөр» иши боюнча менин таза экенимди ошол кезде кабыл алынган документтер өзү эле айтып турат. Убактылуу депутаттык комиссия даярдаган токтомду төрага катары мен кол койгон парламенттин чечимдери менен салыштырып, окуп көргөн адам өзү баарын түшүнүп алат. Баарыбыздын кылганыбызды Кудай өзү таразалап коет«, — деп жазган ал.

«Өлкөдө жөнөкөй эмес социалдык-экономикалык абал орун алууда. Эпидемиологиялык кырдаал да кайрадан курчуп жатат. Мындай учурда мамлекетибизге ынтымак, биримдик керек. Акыркы кезде мага артылып жаткан куру доомат, жалган жалаа мени адилеттик, акыйкаттык, абийир үчүн күрөшкө түртөт. Баарыбыз мыйзамсыздыкка каршы турушубуз керек. Келечекте балдарыбызга калтыра турган эң чоң байлык – бул мыйзамдуулук үстөмдүк кылган Кыргыз мамлекети«, — деп айтылат депутаттын билдирүүсүндө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5755