7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов жубайы экөө коронавируска каршы вакцина алды

664

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жубайы менен келип Бишкектеги эмдөө жайларынын биринен вакцина сайдырып кетти.

Ал жакында республикага вакцинанын жаңы партиясы келип түшөрүн айтып, кыргызстандыктарды коронавируска каршы эмделүүгө чакырды.

«Биринчиден, эмдөө жүргүзүп жаткан бардык дарыгерлерге терең ыраазылык билдирем. Бир эки күн мурдагы өкмөттүн чукул жыйынында Кыргызстандагы жалпы мекендештерди вакцинацияга чакырдык элек. Андыктан, бүгүн атайын өзүбүз да келип алдык. Жакында эл аралык өнөктөштөрдөн вакцина алып келебиз, каражат, ташып келүү маселесин чечип жатабыз. Биздин максат — жалпы коомчулукка, улгайгандарга эмдөө жүргүзүү. Аман бололу, сак бололу», — деди ал кыргызстандыктарга кайрылып жатып.

Бүгүнкү күндө кыргызстандыктардын 0,7 пайызы гана коронавируска каршы вакцина алгандыгын ишкерлер менен жолугушуу учурунда экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров айткан эле.

Белгилей кетсек, министрлер кабинети учурда чет мамлекеттерден коронавируска каршы эмдөө боюнча вакцина жагынан жардам берүүнү сурап, кайрылып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

665