Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндарында аялдар арасындагы эркин күрөш боюнча мелдешке катышуучулар арасынан биринчи орундукту ээледи.
Жалпысынан Токио Оюндарында 16 спортчу 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат.
Эң мыкты 4 спортчу аял 2019-жылдагы Дүйнө чемпиондугундагы, 2020-жылдагы Азия чемпионаттарындагы, ошондой эле бир нече рейтингдик турнирлердеги көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн дүйнөлүк рейтингге ылайык тандалган.
Тыныбекова Нур-Султандагы Дүйнө чемпиондугун жеңип, Азия чемпионатынан коло медаль алган. Ошондой эле Италия жана Польшада өткөн эки рейтингдик турнирде жеңишке жетишти. Бул кыргызстандык аялга дүйнөлүк рейтингде 106 упай топтоп, 1-орунду ээлөөгө мүмкүнчүлүк берди.
2-орунду Тыныбекова Дүйнө чемпиондугунун финалында жеңип алган болгариялык Тайбе Мустафа Юсейн (56 упай) ээлейт. 3-орун украиналык Юлия Ткач-Остапчукта (50), төртүнчүсү — япониялык Юкако Кавай (43).
Токио Олимпиадасындагы бул төрт спортчу жарым финалга чейин беттешпейт.