7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кумтөр толугу менен мамлекетке кайтарылганына 3 жыл болду

337

Кумтөр толугу менен мамлекеттин менчигине өткөнүнө туура 3 жыл болду. Бул тууралуу Тимур Саралаев билдирди.

«Бүгүн тарыхыбызда маанилүү датаны эстетип жана баса белгилеп кетиш керек. Бул ийгилик — президент Садыр Жапаровдун бекем саясий эркинин жана тайманбастыгынын гана жемиши!

Ал болбосо, 3 жыл ичинде Кумтөр:

— 43 тоннага жакын алтынды өндүрмек эмес,
— 1 млрд доллардан ашык таза киреше алмак эмес,
— 1 млрд доллардан ашык салык ж.б., милдеттүү төлөмдөрдү өлкө казынасына төгүлмөк эмес,
— 441 млн доллар дивиденд түшмөк эмес (маалымат үчүн: 28 жыл ичинде чет өлкөлүктөр Кыргызстанга болгону 101 млн доллар дивиденд берген),
— ушул жылдын алты айында таза киреше 13,3 млрд сом да болмок эмес.

Калганын билбейм, бирок ушуну унутпай жүрөлү, Садыр Жапаров болбосо ишкана дагы эле чет өлкөлүктөрдүкү болмок»,- дейт Саралаев.

338