«Кыргызалтын» ачык акционердик коому тарабынан «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча отчёту каралып, кабыл алынды.
Былтыр алтынды сатуудан түшкөн киреше пландалган 739,3 млн доллардын ордуна, 989,1 млн долларды түздү.
«Өткөн жылы Кумтөр кен жайындагы тоо-кен иштеринин көлөмү пландалган 180,3 млн тоннанын ордуна 189,1 млн тоннаны түздү. Алтын өндүрүү 12 тонна 509 кг пландалган болсо, 12 тонна 552 кг алтын өндүрүлгөн. Ал эми 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкө бюджетине болгон салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн көлөмү план боюнча 177,5 млн доллар болсо, иш жүзүндө 184,8 млндоллар же 16,1 млрд сом болду. Ал эми план боюнча таза киреше 186,8 млн доллар деп белгилинсе, иш жүзүндө 397,4 млн долларды түздү», – деди Кумтөрдүн төрагасы Бузурман Субанов.
«Үстүбүздөгү жылда мындан дагы маанилүү милдеттер турат, аларды өз убагында ишке ашыруу бизден биртоп күч-аракеттерди жана ресурстарды талап кылат. 2025-жылы Кумтөр кен жайында жер астынан алтын казуу, Тоголок кенин өздөштүрүү жана Жаңгарт аянтында геологиялык чалгындоону улантуу сыяктуу милдеттер турат. Мындан тышкары, калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбоорун дагы ишке ашыруу зарыл», — деди Кыргызалтындын төрагасы Кубат Абдраимов.
Кубат Абдраимов Кумтөр кен жайындагы коопсуздукту сактоого, кызматкерлерди кошумча окутууга жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн инспекциялоого көңүл бурууга чакырды.
Белгилей кетсек, «Кыргызалтын» ачык акционердик коому «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жалгыз акционери жана 100 пайыз акциясына ээлик кылат.