7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кумтөрдүн» мырзалары айымдарды майрамы менен куттуктады

237

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун башкармалыгы жана мүдүрлөр кеңешинин мүчөлөрү компаниянын айым кызматкерлерин 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттукташты!

Компаниянын башкармалыгынын төрагасы Бузурман Субанов айымдардын кыргыз коомундагы, анын ичинде Кумтөр ишканасынын ишмердүүлүгүндөгү орду өзгөчө экендигин баса белгиледи.

“Биздин компаниянын негизги ишмердүүлүгү бийик тоолуу шартта, түйшүктүү алтын казып алуу иши менен байланышканына карабастан, аялдар өндүрүштө жана кеңседе эркектерден кем калбай эмгектенишүүдө. Кесипкөйлүгү, чыдамкайлыгы жана чечкиндүүлүгүнүн аркасында айымдар компаниянын өндүрүштүк жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүсүнө олуттуу салым кошууда. Жаздын жакшынакай бул майрамында баардыгыңыздарга океандай чалкыган бакытты, ар дайым жаркыган маанайды, бакубатчылык жана ишиңиздерге зор ийгиликтерди каалайбыз! Эң башкысы ар дайым сүйүүгө, мээримге курчалып, назиктиктин, сулуулуктун символу болуп жүрө бериңиздер. Биз cилерди чексиз сыйлайбыз, урматтайбыз жана ар дайым жогору баалайбыз”- деди «Кумтөрдүн» жетекчиси.

Бул күнү Кумтөрдүн мырзалары айымдардын алдына кызыл килем төшөп, жагымдуу музыка, жаркын маанай менен тосуп алышты. Атайын концерттик программа уюштурулуп, ар бирине гүлдесте, жагымдуу белектер тартууланды.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

238