Курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүйдө Москва районунун аймагынан QSZ-92 үлгүсүндөгү 2 даана магазини бар тапанча, бир нече 9×19, 9×18, 5,45×39 и 7,62×39 мм жана 7,62×39 мм калибирлүү гильзалар, ошондой эле тротил таякчасы, эки детонатор жана колго жасалган жарылуучу зат сакталган жер табылган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, алынган курал-жарак, ок-дарылар, жардыргыч заттар кылмышкерлер тарабынан өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалганы аныкталды.
Азыркы учурда алынган буюмдардын кайдан келгендигин жана бул жашыруун жайды уюштурган адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.