Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-ноябрда УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн КРНын Жазык проссесттик кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, акча каражатын алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу тобтун активдүү мүчөсү “З.Б.” жана “С.А.” аттуу КРнын жараны кармалды.
Кармалган жаран “Б.И.” аттуу КР жаранынан күч колдонуу жолу менен коркутуп 2 миллион сом акча каражатын опузалап талап кылганы аныкталды.
Кармалган “З.Б.” КРнын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.