Бүгүн, 13-октябрга карата өлкөдө коронавирустан дагы 70 адам аныкталып, 106 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, бир суткада эмдөө албагандар арасында 3 адам коронавирус илдетинен каза болду.
- Бишкек — 24
- Ош шаары — 0
- Чүй облусу – 19
- Ош облусу – 11
- Талас облусу — 2
- Нарын облусу — 0
- Ысык-Көл облусу – 9
- Жалал-Абад облусу –0
- Баткен облусу — 5
Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктургандардын жалпы саны 182 миң 267ге жетти.