7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Атада майнинг ферма аныкталды

950

Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун аймагында майнинг ферма аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан электр тармактарына чоң зыян келтирген, Ысык-Ата районунун Дружба айылында мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан майнинг-ферма аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизиндеги ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, чет өлкөлүк жарандар тарабынан күнөскана көрүнүшүндөгү 2500 даана тиешелүү жабдууларды орнотуу менен “майнинг-ферма” уюштурганы аныкталды.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан аталган майнинг-ферманы уюштурууга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо, анын мыйзамдуулугун жана энергетика тармагына келтирилген зыянды эсептөө жана сервердик жабдыктарды өлкөгө алып келүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

951