7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кургак учукту дарылагандарга кошумча акы төлөнүүдө (ВИДЕО)

707

Бишкекте медкызматкерлерге амбулатордук деңгээлде кургак учукту ийгиликтүү дарылагандыгы үчүн кошумча акы төлөнө баштады.

2017-жылдан тарта Кыргызстандын саламаттыкты сактоосуна USAIDдин жардамы менен кургак учук менен ооругандарды дарылоодо жаңы ыкмалар киргизилүүдө. Алар бейтаптарды кургак учукка каршы ооруканаларда узакка жаткырбастан, жашаган жерине жакын баштапкы медициналык-санитардык жардамдын мекемелеринде дарылоого негизделген.

«Кургак учукту дарылоого райондук фтизиатр, райондук кургак учук бөлүмүнүн медайымы, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси, үй-бүлөлүк дарыгери жана үй-бүлөлүк медайымы, ошондой эле жетекчилери катышат. Жана ар бири өз салымына жараша өбөлгөлүүчү төлөмдөрүн алышат»,- деди Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов.

Бүгүнкү күнү кургак учукту ийгиликтүү дарылоо үчүн каржылык шыктандыруу Чүй, Талас, Нарын, Баткен облустарында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда ийгиликтүү ишке ашырылып жатат. Эми ал Бишкек шаарынын Ленин районуна да киргизиле баштады.

«Бизде 144 пациент болсо кургак учук менен жабыркаган, ошолордун 15и июль айында толук дарылоосун алып бүттү. Ошолордун 11не кургак учук менен ооруган пациентти дарылаган биздин дарыгерлерге, медайымдарга айлык майанасына кошулуп кошумча айлык бөлүндү»,- деди №1 ҮМБ директорунун орун басары Садат Уралиева.

Ошол айлык маянасына кошумча акы алгандардын арасында үй-бүлөлүк медайым Айгүл Кубанычбекова да бар.

«Абдан сүйүндүм мен, ишенбей, дагы башка бирөө акча салып койдубу деп. Анан билдим, үч бейтапты бүтүрүптүрмүн июль айында. Чоң эле акча экен. Мектепке неберелеримди киргизеин деп аткам. Карточкамды ача койуп, аябай сүйүнүп, ошолорго кетирдим»,-деди үй-бүлөлүк медайым Айгүл Кубанычбекова.

Үй-бүлөлүк дарыгер Абдилатип Апызов да жакындарын сүйүнттү. Ал дагы бишкектик медкызматкерлердин ичинде биринчилерден болуп кургак учукту ийгиликтүү дарылагандыгы үчүн кошумча акы алды. 

«Эки орулууну аягына чыгарган үчүн 5 миң сом акча берди. Бул деле аябай жакшы акча экен, анткени балам секцияларга барат да, ошондо каяктан акча табам деп турбастан, карасам эле картама түшүп калыптыр. Сүйүнүп эле отурум бизге кошумча ушундай төлөп бергенине. Өкмөткө рахмат, ушинтип бизди колдоп коштоп – эмгек акыбызды да көтөрүп атат, анан мындай стимулдарын берип атат»,-деди үй-бүлөлүк дарыгер Абдилатип Апызов.

«Бара бара калган Ленин районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору дагы этап этабы менен ишке ашырылып бул программа жана Бишкек шаарынын башка райондоруна да киргизебиз деген пландарыбыз бар»,-деди Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов.

Бишкек шаарында каржылык шыктандыруу төлөмдөрүн биринчилерден болуп 32 медкызматкер алышты. Жакында алардын катарын башкалар да толуктайт. Мисалы, учурда кургак учун менен ооруган 7 кишини дарылап жаткан «Мурас-Ордо» жаңы конушунун медайымы Динара Самидинова сыяктуу медкызматкерлер. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ошол эле кезде кургак учукту ийгиликтүү дарылоо үчүн каржылык шыктандыруу жалаң эле Бишкекте эмес, жалпы өлкө боюнча жайылтыларын белгилейт.

«Жалпысынан 2017-2022 жылдар аралыгында кургак учукту амбулатордук деңгээлде ийгиликтүү айыктырылган 7662 учурлар кабыл алынып, жалпы 116 700 мин сом каражаты которулуп берилди. Бул дообоор этап этабы менен Кыргыз Республикасынын баардык аймактарына жайылтуу пландаштыруудабыз. Анткени өзүнүздөр көргөндөй, бул система өтө эффективдүү жана натыйжасын жакшы жагынан көрсөтүп жатат»,-деди Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

708