7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Курманбек Баатыр» кыргыз-түрк балдар лицейи жылына 600 миң сомдон ижара төлөмөй болду

705

Жалал-Абад шаарындагы кыргыз-түрк балдар лицейи жергиликтүү бюджетке жыл сайын 600миң сомдон ижара акы төлөй турган болду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, чечим кечээ, 15-ноябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында кабыл алынган.  Ага ылайык, лицейдин жетекчилигине кошумча курулуп жаткан имаратты эки жыл аралыгында бүткөрүү милдеттендирилип, эки жылдан соң ижара акысы кайра каралат.

Белгилей кетсек, шаардагы «Курманбек Баатыр» атындагы кыргыз-түрк балдар лицейи буга чейин 25268.0 чарчы метрди түзгөн муниципалдык жер аянтын имараты менен акысыз пайдаланып келген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

706