Посмотреть эту публикацию в Instagram
Камчыны илбей кирген жигиттер, төрдөгү карыяга сүйлөй отурушту;
— Кечээ Жалгыз — Таштын оозунан куугунду тосуп мертинтип, тийген малды Мамырдын белесине оодарып алдык — деди төргө ыктай отурган жигит.
—Тийди — качты тиш салып, айлабызды кетирген бөрүнү бөлтүрүктөрү менен таап, жок кылдык, — деди экинчиси эдиреңдей.
Кеп кызыды…
Сыңар тизелей отуруп, кымыз куюп отурган КОШ БОЙЛУУ КЕЛИН акыркы кайрыкка жеткен чаначты жаңыртмакка жер таяна туруп, сыртка чыга бергенде карыя отургандарга кол жаңсап:
— КУРСАКТАГЫ БАЛАНЫН КУЛАГЫ АЧЫЛГАН ЭКЕН, жакшы маанай, жагымдуу сөзгө өткүлө, жигиттер! — деди.
Тегерегин тыңшап алты айдан ашып калган, туйлап, чыгарына шашып калган, болочок наристенин камы, …көптү көргөн карыянын баамы, нарктуу журттун дүйнө таанымы тереңдигин, айкөл, акыл — эстин кенендигин бизге, урпактарга кабарлап турат.