Тарыхчы, МУКтун Этнология институтунун директору Табылды Акеров: Мындан 100 жыл мурда, 1924-жылы, ошол кездеги кыргыз жетекчилери эбегейсиз эрдик кылып, РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялык облусун түзүп, байыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн кайра жанданткан. Бирок байыркы мезгилде бир нече күчтүү кыргыз мамлекети болгон, алардын бири – IX-X кылымда өмүр сүргөн Улуу Кыргыз каганатын атактуу орус академиги Василий Бартольд «кыргызское великодержавие» деп атаган.
Биздин заманга чейинки III кылымдын аягында кыргыз ээлигин хуннулар өзүнө каратып алганы Кытайдын тарыхый кагаздарына жазылып калган, андан соң биздин замандын VI кылымында андан да чоңураак кыргыз ээлиги негизделген, андан кийин VIII кылымда Барсбек «каган» деген наам алып, Кыргыз каганатын түзгөн. 711-жылы түрктөр Барсбек-каганды өлтүрүп кеткенден кийин Сулук-хан Теңир-Тоодо жаңы мамлекет негиздеген, андан кийин кыргыздар Карахандар мамлекетин түзүүгө да катышкан жана орто кылымдарда Мухаммед-кыргыз дагы өзүнчө хандык түзгөн…
https://youtu.be/StpFpSa79Ck