Курултай күнү 3 эм төрөгөн 41 жаштагы Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылынын тургуну Назира Жакыпова төрөтканадан чыкты. Ысык-Көл облусунан келген жакындары куттуктап кетишти.
Белгилүү болгондой, үч эмдин экөөсүнө өлкө башчы Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты коюлган. Ал эми, алардын ортосундагы ынтымакты үчүнчү эмге беришкен.
Ымыркайлардын үчөө тең уул.
Буга чейин жубайлар 2 уул, 2 кызды тарбиялап келишкен.