1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү. Бул илдет алгачкы жолу 1981-жылы катталган. ВИЧ-Иммунножетишсиздикти пайда кылуу менен СПИДдин өнүгүшүнө алып келет. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматына ылайык дүйнөдө ВИЧ инфекциясын жуктурган адамдардын саны 46 миллиондон ашат.
ВИЧ — адамдын иммундук жетишсиздик вирусу. ВИЧ адамдын организминде гана жашайт жана көбөйөт. Инфекцияны жуктуруп алган учурда көпчүлүк адамдар эч кандай сезимдерди сезишпейт. Кээде инфекция жуккандан кийин бир нече жумадан кийин сасык тумоого окшош оору пайда болот (ысытма, териде исиркектер, лимфа бездери шишип, диарея). Инфекциядан кийин көп жылдар бою адам өзүн дени сак сезиши мүмкүн. Бул мезгил оорунун жашыруун (латенттик) стадиясы деп аталат. Бирок бул учурда денеде эч нерсе болбойт деген туура эмес. ВИЧ организмге киргенде, иммундук система иммундук жооп кайтарат. Ал патогенди зыянсыздандырууга жана аны жок кылууга аракет кылат. Тилекке каршы, ВИЧке каршы күрөштө мунун баары жетишсиз – иммундук система ВИЧти нейтралдаштыра албайт, ал эми ВИЧ өз кезегинде иммундук системаны акырындык менен жок кылат. Бул вирус адамдын иммунитетин зыянга учуратып, СПИД вирусуна алып келет. СПИД ВИЧ-инфекциясынын өнүгүшүнүн акыркы этабы болуп саналат. Натыйжада адам иммунитети түрдүү ооруларга туруштук бере албай, каза болот.
Спид – “кабылданган иммун жетишсиздик синдрому”. Вирус иммундук системаны акырындык менен жок кылып, организмдин инфекцияларга туруктуулугун төмөндөтөт.
Иммундук тутумдун жок кылынышынан улам организмдин коргоо күчү солгундай турган патологиялык абал; коркунучтуу жугуштуу оору. Бул ооруга каршы күрөшүү калктын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик артыкчылыктуу милдеттердин бири.
Анын жугуусу:
- жыныстык катнаш аркылуу;
- боюндагы же төрөт учурунда энеден түйүлдүккө
- эмчек эмизген учурда баладан энеге;
- кан куйганда, ийне сайганда