7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курулуш компаниянын мүлкүн басып алган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

380

Курулуш компаниясынын мүлкүн басып алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Мурда бир нече жолу соттолгон Б.К.Н, Ы.Р.А. жана Ж.А.М. кылмыш келишимине кирип, кылмыштарды жасоо жана мыйзамсыз каржылык баюу максатында уюшкан кылмыштуу топ түзүп, физикалык зомбулук менен коркутуп-үркүтүү жолу аркылуу жеке ишкерлердин кыймылсыз мүлкүн ээлеп алышкан.

Алар алдамчылык аракеттер аркылуу курулуш фирмасынын жетекчилигин өзүнүн аффилирленген жактарына кыймылсыз мүлк объекттерин кайра каттоого мажбурлап, анын ордуна курулуш материалдарын берүүгө убада беришкен. Бул топ туруктуу негизде курулуш компаниясынын директорунун кеңсесине келип, компаниянын жетекчилигин коркутуп, алардын мүлкүн кылмыштуу топтун колуна өткөрүп берүүнү көздөгөн.

Бул уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

 

381