7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курулуш тармагындагы өсүш рекорд койду

185

Кыргызстанда курулуш тармагы ылдам темп менен өнүгүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Биринчи радионун “Таңкы Кыргызстан” түз эфиринде билдирди.

Мурда социалдык объектилер негизинен шаардык жана областтык деңгээлде курулса, 2025-жылы райондордо жана айылдарда да жаңы имараттардын саны кыйла өскөн.

Анын  айтымында, 2025-жылы жалпы 291 социалдык объекттин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктады. Анын ичинен 100дөн ашыгы мектеп, 50гө жакыны бала бакча жана оорукана болуп саналат. Бул иштерге республикалык бюджеттен 15,5 млрд сом бөлүнгөн.

Салыштыруу үчүн, өткөн жылы курулуш тармагына 12 млрд сом каралган.

186