7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курулуштагы кырсыктар үчүн жооптуу адамдар кармалды

374

Бишкекте курулуштардагы кырсыктан кийин тиешелүү министрликтин кызматкери менен ири курулуш компанияларынын биринин башкы директору кармалды

УКМК бул тармакта тиешелүү кызматтардын жана ишкерлердин кайдыгерлигинен улам кырсык көп катталганын айтып, коңгуроо какты. Алсак, 2022-жылы курулуш объектилеринде бийиктиктен кулаган 11 учур, 2023-жылы 73, 2024-жылы 172, жана 2025-жылдын 3 айында 30дан ашуун учур катталган.

УКМК мунун баары тиешелүү органдардын көзөмөл жүргүзбөгөнүнөн, курулуш компаниялардын коопсуздук техникасын сактоого шарт түзүп бербегенинен улам болгонун белгиледи. Курулуш компаниялары жабыркагандардын туугандарына акча берип, жоопкерчиликтен качып жатканы кошумчаланды.

Мындай учурларды болтурбай, токтотуу үчүн курулуш объектилериндеги акыркы кырсыктар боюнча өндүрүштөгү материалдарды мындан ары УКМК иликтемей болду.

375