7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курутту 8 жылга чейин сактоого болот. Курут сүйүүчүлөрдөнсүзбү?

715

Курут негизинен жай айларында кыргыздын салттуу тамак-ашы сүзмөдөн жасалган сүт азыгы, туздалып, кайнатылып же кайнатылбай, кээде эжигей же тыбыт (чөбөгө) кошулуп, кургатылып даярдалган тамак.

Курутту жасоо технологиясы, аны тамак-ашка пайдалануу жана ыкмалары түрк тилдүү элдерде (кыргыз, казак, тува, хакас жана башкалар) жалпысынан бирдей. Айранды чүпүрөк баштыкка куюп сары суусунан бөлүп алып сүзмө даярдалат. Сүзмөдөн эки колдун ортосунда тоголоктолуп, форма берилип, курут жасалат. Ал атайын жасалган середе, чийде, тактайда кургатылат. Кыш менен жазда сууга эзилген курут суусундук жана катык катары пайдаланылат.

Азыркы убакта курут чакан өндүрүш цехтеринде өндүрүлүп, ар кандай татымдар (калемпир, тыбыт, кургатылган өрүк, кызылча) кошулуп, кардарларга сунушталууда.

Төмөндө курут тууралуу фактылар менен бөлүшөбүз.

  • Курутту Орто Азиянын көчмөн элдери ойлоп тапкан.
    Тамак сиңирүүнү жакшыртуу үчүн байыркы доорлордон бери колдонулуп келет.
    Курут канчалык катуу болсо, ошончолук узак сакталат.
    Элдик медицинада курут алсыроого, аз кандуулукка, психикалык жана физикалык чарчоого, депрессияга, жүрөк ооруларына кубат берүүчү азык катары колдонулат.
    Эчкинин сүтүнөн жасалган курут кургак учук, бруцеллез жана башка ооруларга даба деп айтылып келет.
    Кадимки шарттарда туура даярдалган курутту сегиз жылга чейин сактоого болот.

 

716