Панфилов районунда жергиликтүү таксисттердин ортосунда мушташ чыгып, бирөөсүнүн денесине оор залал келтирилген. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдирди.
14-февралда 37 жаштагы 2 жарандын ортосунда чыр чыккан. Экөө тең такси айдачу жана алар кезек талаша кетишкен. Алар айылдын четинде жолугуп, бирөөсү экинчисине бир нече жолу бычак сайган. Анын кесепетинен жаракат алган жаран ооруканага түшкөн.
Аталган факты боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1987-жылы туулган жаран камакка алынган. Тергөө уланууда.