Жекшембиде республиканын көпчүлүк аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +14…+19, Талас аймагында +13…+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16…+21, Ысык-Көлдө +10…+12, Нарын өрөөнүндө +5…+10 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +17…+19, Ош шаарында +19…+21 градуска жетет.