Бейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-14 метрге жетет.
Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +22…+27, Талас менен Баткен өрөөндөрүндө +20…+25, Ош, Жалал-Абад аймактарында +21…+26, Ысык-Көл жергесинде +8…+13, Нарын облусунда +9…+14 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +24…+26, Ош шаарында +21…+23 градуска чейин көтөрүлөт.