Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Айрым жерлерде туман түшүшү ыктымал.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта -4…-9, Ош, Жалал-Абад, Баткенде 0…-5, Ысык-Көл жергесинде -1…-6, Нарын облусунда -8…-13 градус суук болот. Күндүн табы Бишкекте -5…-7, Ош шаарында 0…-2 градусту көрсөтөт.