3-июнь күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарга кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Абанын температурасы Чүйдө +24…+29, Талас аймагында +22…+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27…+32, Ысык-Көл жергесинде +18…+23, Нарын өрөөнүндө +20…+25 градус болот.
Күндүн табы борбор калаада +26…+28, Ош шаарында өткүн өтүп, +30…+32 градус болот. Ал эми Чолпон-Атада +18…+20 градус болорун айтышты.