7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасына жолдомо утту

264

Бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасына жолдомо алды.

Спортчу 57 кг чейинки салмакта Бангкок шаарында (Таиланд) өтүп жаткан лицензиялык мелдеште коло медалга ээ болду. Ал Италия, Мозамбик, Уругвай, Азербайжандын мушкерлерин жеңип жарым финалга чыккан.

1/2 финалдык беттеште украиналык спортчуга жеңилип, ал эми коло медаль үчүн беттеште индиялык мушкерди жеңип Париж Олимпиадасына жолдомо алды.

Эскерте кетсек, 57 кг чейинки салмакта жалпы үч жолдомо ойнотулган.

 

265