Бүгүн республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +14…+19, Талас аймагында +12…+17, Ош, Жалал-Абад облустарында +17…+22, Баткенде +16…+21, Ысык-Көлдө +8…+13, Нарын жергесинде +10…+15 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +17…+19, Ош шаарында +20…+22 градуска чейин көтөрүлөт.