7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыда кезек талашып мушташа кеткен окуучу каза болду

537

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда 18 жаштагы өспүрүм бычак жеп каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Каргашалуу окуя 31-мартта саат 16:30 чамасында болгон. Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну, 11-класстын окуучусу 2006-жылы туулган К.М. айылда чач-тарачканага чачын алдырганы келип, кезекти сураган. Ошол эле айылдын тургуну 9-класстын окуучусу, 2008-жылы туулган М.Д. да кезек күтүп туруп, экөөнүн ортосунда пикир келишпестик орун алган.

Күбөлөрдүн айтымында, экөө сыртка чыгып, шектүү баланы уруп жибергенде башы дубалга тийип жерге кулап түшкөн. Ал туруп баратып өзү жанына салып жүргөн чөнтөгүндөгү бычагы менен жанындагынын сол бутунун санына жана оң бет тарабына сайып жибергендиги такталган.

Натыйжада бири алган жараатынан улам Аксы райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө, ал эми 16 жаштагы өспүрүм райондук оорукананын сынык-жараат бөлүмүнө жаткырылган. Ошол эле күнү 18 жаштагы окуучу жараатынан улам каза болгон.

Аталган факт “Бейбаштык” фактысы менен катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Жерине тергөө топ барып, окуяга шектүү делген М.Д. аттуу жаранга таандык бычак табылган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

 

538