23-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым райондорунда кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9 күндүз 0…-5
Таласта түнкүсүн -8…-13 күндүз -1…-6
Баткенде түнкүсүн -1…-6 күндүз 0…-5
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6 күндүз 0…-5
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7 күндүз -2…+3
Нарында түнкүсүн -18…-23 күндүз -7…-12
Бишкекте түнкүсүн -3…-7° суук, күндүз 0…-3° болот.



